Президент Алмазбек Атамбаев отурган учак 15-январда Бишкекке эмес, "Тамчы" аэропортуна конууга аргасыз болду. Маалыматтарга таянсак, президенттик учак калың тумандан улам "Манас" аэропортуна коно алган эмес. Президент өткөн аптада эмгек өргүүсүнө чыгып, Кытайда болчу.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Бишкектин четинде жүк ташыган Боинг учагы кулады. Гонконгдон чыккан учак саат 7:30да "Манас" аэропортуна конмок. Учак шаар четиндеги үйлөрдүн үстүнө кулап, алдын ала маалыматтар боюнча, 16 адам каза тапты. Бир нече адам ооруканага жеткирилди.