Учурда "Манас" аэропорту учактарды кабыл албай жана учурбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Чүй облусунда Гонконг-Стамбул каттамын аткарып жаткан түркиялык Боинг 747 учагы кулады. Азырынча аэропорт каттамдарды аткарбайт жана башка учактарды кабыл албайт", - деп айтылат маалыматта .
Эскерте кетсек, бүгүн саат 7:30дар чамасында учак кулады. Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 адам каза болду. Кырсык болгон жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат.