16 жылда 14 авария же Кыргыз жеринде болгон авиакырсыктар (тизме, фото)

Бишкектин четине 16-январда таңга маал Боинг 747 учагы кулап, ондогон адамдар каза тапты. Гонконгдон Стамбулга багыт алган жүк ташуучу учак саат 7:30да "Манас" аэропортуна конмок, бирок аба майданына жакын жердеги үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Маалыматка таянсак, учак Бишкектен май куюп алып Түркияга жөнөмөк. Транспорттук прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ биргеликте иликтөөнү баштады. Кыргыз жеринде соңку 16 жыл ичинде 14 ири авиакырсык катталды. Арасында оор жоготууга алып келгендери да бар.

АСКАГА УРУНГАН ТИК УЧАК КҮЙҮП КЕТКЕН

2000-жылдын 15-мартында Нарын облусунун Ат-Башы районунда Ми-8 тик учагы кырсыкка кабылган. Аңчылар тобун алып бараткан тик учактын куйругу аскага тийип, жерге кулаган. Кырсыктан 3 адам, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Матыев каза тапкан. Тик учак күйүп кеткен.

КАШААНЫ СҮЗГӨН Ил-62

2002-жылдын 23-октябры. "Манас" аэропортуна конууда "Третьяков" авиакомпаниясынын Бишкек-Москва каттамындагы Ил-62 учагы тилкеден чыгып кеткен. Кашааны сүзгөн учак күйүп баштап, борттогу экипаждын 8 мүчөсү качып чыгууга үлгүргөн. Учак толугу менен күйүп кеткен.

ШАССИСИ ЫРГЫП КЕТКЕН ТЕЗ УЧУУЧУ СОГУШТУК УЧАК

2002-жылы 17-декабрда Норвегиянын Аскердик аба күчтөрүнүн F-16 Falcon тез учуучу согуштук учагы "Манас" аэропортуна авариялык түрдө конгон. Учак тилкеге катуу конгондуктан арткы шассиси ыргып кетип, учак бир топ жерге чейин сүйрөлүп барган. Учкуч жабыркаган эмес.

АТ-БАШЫДА ДАГЫ БИР КЫРСЫК

2004-жылдын 15-мартында Ат-Башы районунда дагы бир авиакырсык катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы жардамга муктаж аңчыларды алып келүү үчүн Муз-Төргө барган. Бортко 20га жакын адамды (мунун ичинде АКШ жана Канаданын да жарандары болгон) салган тик учак абага көтөрүлө албай кулап түшкөн. Кырсыктан 2 адам каза таап, тик учак күйүп кеткен.

ТУМШУГУ МЕНЕН ЖЕР СҮЗГӨН УЧАК

2004-жылы 4-ноябрда Нидерландынын Аскердик аба күчтөрүнүн F-16 Falcon тез учуучу согуштук учагы да "Манас" аэропортуна авариялык түрдө конгон. Конуудан кийин учактын шассисинин гидравликасы иштебей калып, техника сүрүлгөн бойдон барып тумшугу менен жерди сүзүп токтогон. Учкуч жабыркаган эмес.

ТООНУН БАШЫНДА ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН

2005-жыл, 6-август. Ысык-Көл облусу, "Түштүк Эңилчек" альпинисттердин базалык лагери. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ми-8 тик учагы туристтерди алып кетүү үчүн Хан-Теңири жана Жеңиш чокуларынын кырында жайгашкан лагерге барган. Абага көтөрүлүүдө тик учак тийиштүү ылдамдыкты камсыздай албай кулап түшкөн. 17 турист жана экипаждын 4 мүчөсү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми тик учак толугу менен күйүп кеткен.

КАНАТЫ СЫНГАН УЧАК АСМАНДЫ БИР АЙЛАНЫП КЕЛГЕН

2006-жылдын 26-сентябрында "Манаста" Бишкек-Ош каттамына чыгуу үчүн ылдамдык алып бараткан Ту-154 тилкеге жаңы конгон учактарга май куюучу америкалык КС-135 учагына канаты менен тийген. Америкалык учак жерге жаңы конгондуктан тилкеден чыгууга үлгүргөн эмес. Канаты жабыркаган Ту-154 абага көтөрүлүп, бир жолу айланып учуп авариялык абалда кайра аэропортко конгон. Борттогу 52 жүргүнчү жана эки учактын тең экипаж мүчөлөрү жабыркаган эмес.

ЖОГОРКУ КЫЗМАТТАГЫ АДАМДАРДЫ КОРКУТКАН ОКУЯ

2007-жылдын 23-июну. Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндө бортунда авиакомпаниялардын жетекчилери бараткан Як-40 учагынын 2 кыймылдаткычы иштебей калган. Мындан улам учкучтар учакты айыл чарба авиациясынын учактары пайдаланган тилкеге кондурууга аргасыз болушкан. Бирок конордо учактын шассиси чыкпай калып, жерге катуу тийип, учак күйүп кеткен. Борттогу жогорку кызматтын 9 өкүлү, анын ичинде "Манас" аэропортунун ошол кездеги жетекчилери аман калышкан. Як-40 толугу менен күйүп кеткен.

65 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН КЫРСЫК

2008-жылдын 24-августу. "Манас" аэропортуна жакын Жаңы-Жер айылына Боинг-737-200 учагы кулаган. Бишкек-Тегеран багытында жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда конууга бет алып, бирок аэропортко 9 чакырым жетпей калган. Учак күйүп кетип, борттогу 90 адамдын 65и каза тапса, 25 адам аман калган.

82 ЖҮРГҮНЧҮСҮ БАР УЧАК ООДАРЫЛЫП КЕТКЕН

2011-жылдын 28-декабрында жүргүнчү ташыган Ту-134 учагы калың тумандан улам "Ош" аэропортуна конууда кырсыкка учураган. Жерге катуу конгондуктан учактын оң канаты жана шассиси үзүлүп кеткен. Аба кемеси тилкеден чыгып, күйүп баштаган. Борттогу 82 жүргүнчү (69 улуу киши, 4 бала, 9 ымыркай) жана экипаждын 6 мүчөсү учактан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Окуядан кийин 26 адам ооруканага кайрылган. Ал эми учак күйүп кеткендиктен кайра оңдоого мүмкүн болгон эмес.

АСМАНДА ЖАРЫЛГАН АСКЕРДИК УЧАК

2013-жылдын 3-майы. "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн учактарга май куюучу КС-135 учагы Чалдыбар айылынын аймагында түштүктү көздөй бурулган (Ооганстанга бармак), бирок ылдамдыкты жоготуп ылдыйлай баштаган. Көп өтпөй асмандан жарылып кеткен учак 3 ири бөлүккө бөлүнүп, калдыктары 1 чакырым алыстыкка чейин чачыраган. Кырсык Чолок-Арык айылына жакын жерде болуп, экипаждын 3 мүчөсү каза тапкан.

АЛЬПИНИСТТИ КУТКАРУУГА БАРГАН ТИК УЧАК ТООДО КАЛДЫ

2014-жыл, 18-июль. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы Хан-Теңири тоосунда травма алган орусиялык альпинистти куткарууга барып, кулаган. Кырсык деңиз деңгээлинен 5200 метр бийиктикте болгон.

"ОШ" АЭРОПОРТУНДАГЫ КЫРСЫК

2015-жыл, 22-ноябрь. Бишкектен Ош шаарына учкан Боинг 737 учагы Ош шаарындагы аэропортко авариялык түрдө конгон. Конууда учактын шассиси талкаланып, эки канаты тең жабыркаган. Бактыга жараша, борттогу 159 жүргүнчү куткарылган.

ҮЙЛӨРДҮН ҮСТҮНӨ КУЛАГАН БОИНГ

2017-жыл, 16-январь. Гонконг-Стамбул багытында учкан Боинг 747 учагы Бишкектин четиндеги Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулады. Бул жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөп, бирок кырсыкка учурады. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Аэропорт убактылуу жабылды. Бул өлкө тарыхындагы эң ири авиакырсыктардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaiMak
2017-01-16 14:21:04
Биздин мамлекет аларга заправкабы май куюп кеткидей?
+3
Vishenka
2017-01-16 14:58:40
KaiMak,
Ооба заправка.Кыргызстанга ошол учун да акча толонот.Турк аба жолдорунун карго учагы экен деп жазылып турат го.
+1
leilekstan_1987
2017-01-16 14:41:09
Дыккат иликтоо жургузуш керек. Жук кимдин жугу эмне учун бишкекке конуп май куят. АША.нын личный бизнеси болуп журбосун АША. Бугун какрас кытайдан жукту жонотуп койуп артынан учуп келип жургон болбосун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан