Кыргыз жергесинде ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга кабылат

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөбүздө ар бир алтынчы үй-бүлөнүн жашоосу ажырашуу менен аяктайт.

Кыргыз жергесинде 20-29 жашында турмуш кургандар көп. Ал эми алардын арасынан расмий түрдө никеге тургандар 70 пайызды түзөт.

Бул арада айыл жергесинде никеге турган ар бир 1000 үй-бүлөнүн 100дөн ашууну ажырашып кетет. Ошол эле маалда шаарда бул көрсөткүч үч эсеге көп.

2015-жылы аялдардын алгачкы никеге турган орточо курагы 23,6 жашты түзсө, эркектердики 26,9 жаш болгон. 2011-жылдан бери аялдардын никеге туруу курагы 0,2 жашка, эркектердики 0,1 жашка жогорулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Keremet008
2017-01-16 10:16:24
Ар бир 6чы эмес эле, азыр ар бир уйдо эле болуп жатат. Баардык жерде короз бирдей эле кыйкырып жатат,тооба кылдым ...
-1
AKCAHAT
2017-01-16 11:02:45
Кыска ойлонушса ошондой болот да. Азыр ар бир 2 кыргыз асманда жашайт простой кыргыздын озу жок. Биринен бири отуп кыйынсынат адам тоготпой. Жашоодо канчалык жонокой болсок ошончолук бакыт келет.
0
Mongol1155
2017-01-16 11:35:24
Жоопкерчилик деген жокко эсе болуп калды.Уйлонордон мурун жакшылап ойлонушса.Копчулугу ала качып алат.Копчулугу эркек балдардан кетсе керек.Уйлонгончо астына гулду жайнатам,уйлонгондон кийин мээне чайды кайтам дегендей да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан