Алмазбек Атамбаев авиакырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги авиакырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү боюнча жарлык чыгарды. Кырсыктан жабыркагандардын дарылануусуна да президенттик фонддон акча бөлүнөт. Президент өкмөткө кырсыктын себептерин дыкат иликтөө, анын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырмасын бергенин кабарлады президенттик аппарат.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 32ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
UlukmanKalyev
2017-01-16 11:30:38
Менда көңүл айтам сабырдуу болуңуздар туугандар.
+6
isnur93
2017-01-16 12:07:04
Конул айтпай барсын ошол жерге,ким куноолу болсо,ошого жооп бердиришке аракет кылсын
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан