ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте троллейбуска отурсаң ичи суук, көчөдө ат арабада бараткандай болосуң" дейт окурман

Бишкектеги №5-троллейбустук каттамда иш алып барган троллейбустардын биринин ичи суук болуп, жылыбайт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"2 айдан бери карап жүрөм. Салондун ичиндеги температура көчөдөгү сууктан айырмаланбайт. Көчөдө ат арабада кетип бараткандай эле болосуң. Айдоочуга эшигин ачык бойдон айдап жүргөнүн айтсам, "жетекчиликке айта берип тажадык" дейт. Жогорку жактан угушпайт экен, план толтурулбаса, айдоочулардын айлыгын кыскартып салышат экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
tuigan.
2017-01-16 12:48:52
Ушул 5троллейбус жон эле салиева кочо менен каттай берсе болмок.моссовет жака чыгайын десен бут эле маршрутка.тыгын
-2
killer5
2017-01-17 23:27:24
Коменттерди окуп жыргап, алдым. Эмнеси болсо да туулган жерим. Февральда учам московдон, барып ошол тралике чыгып көрөйүнчу. Номер беш

-1
Rifle_I
2017-01-16 12:52:42
Биз -43 суукта ат араба эмес, басып эле жүрөбүз. Телевизордон, башка интернет булактарында -20 деп жүрөт .
-1
baltabai
2017-01-16 12:52:59
At,Araba.bolso,jakshygo
-2
Truelensk
2017-01-16 13:05:28
Такси жалдап алгыла жылуурак болот.
-1
Tansuluu09
2017-01-16 13:19:53
Азыр ошол троллейбус бар экенине шугур кыла турган убакыт
-1
baltabai
2017-01-16 13:26:45
Bbb
-2
Nursultan.m.n
2017-01-16 15:17:39
Кож заводко чейин келген троликтерди дордойго кире турган кылса....троллейбустарда да,адамдар жүрүп калмак...
-1
Asyl10
2017-01-16 15:40:11
Кочого чыггаардан мурда резина грелкалар бар го ошого кайнак суудан кйуп курсакка салып куртканы кийип чыккыла, ана сага отопление,кечке журсон да муздабайсын. Бир коншум дайым троллейбус менен жумушуна барат, кундо ишке жоноп жатып комоктон 100 грам аракты ичип кетет, эмнеге кунндо эрте менен ичип кетес ишке десем,троллейбустун ичи холодильниктен да муздак,ошого тонуп калбайын деп жуздон атап алам дейт :-)
-2
Seiil.94
2017-01-16 15:49:25
Asyl10,баш жазбайбы кундо эле
-2
Bekbolot.akylbek
2017-01-17 06:16:48
бир эле бул тролейбус эмес баары эле ушундай эскилиги жеткен шарактаган ундон тролейбустун дынылдаган звугунан бат эле башын ооруп чыгат айла жок журобузда окмот карапайым элди ойлобосо ушул экенда жок дегенде коомдук транспортторду жанылап койбойт 2 жылда бир 15 автобус алып келип койуп аны 2 ай мактанышат анан 2 жыл туура эмес алып келди кымбат алды жеп койду деп соттошот
0
kolbasa
2017-01-23 18:10:40
5-тролейбус кай жактрга каттайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан