Өзгөчө кырдаалдар министри Алмазбек Атамбаевге учак кырсыгы боюнча маалымат берди

Президент Алмазбек Атамбаев 16-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, министр “Манас” аэропортуна жакын жерде Боинг 747 учагынын кыйрашынан 30дан ашык адамдын каза болгону боюнча маалымат берди. Боронов куткаруучулар башка мамлекеттик жооптуу органдар менен бирге кырсыктын кесепеттерин жоюу ишин жүргүзүп жатканын билдирди.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине учак кырсыгынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга бардык зарыл жардамдарды берүүнү жана кырсык болгон жерде каргашанын кесепеттерин жоюу иштерин тездетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kyzburak87
2017-01-16 13:27:47
Ак уйдун устуно тушпоптур да бейкуноо адамдар коз жумушту мындай кырдаалда башка мамлекеттин башчылары кандай аракет кылат а биздикилер уйку дан туруп эле кабинетине кирип отуруп калыптыр го окунучтуу
+5
ainura220888
2017-01-16 13:28:00
Озгочо кырдаалдар министири озу кырсык болгон жерге барыптырбы? Чыкыйып жасанып отуратго
-6
ainura220888
2017-01-16 13:32:49
Бизге Лавров менен Шайгодой эки эле министр болсо болот эле калгандарын солбуротуп жедирип жетелеп журбой.
-3
ukmuw-ukmuw
2017-01-16 13:38:29
Емне болсо дагы двордун ушакчы катындарындай болуп еле отурасынар уялсанар боло озунор олко учун емне кылып атасынар!бир пайда кылдынарбы
+4
Boldukan86
2017-01-16 14:09:27
ukmuw-ukmuw, туура соз айтсан чычалап баары жаман корот. Аллахым сабыр бер. пейлибизди ондойлу. жакшы жаман ишти Аллахтан деп билели. бирок окунучтуу
+2
bayana1987
2017-01-16 14:04:31
Боронов министр катары президентке абалды түшүндүрүүгө милдеттүү. Чыкыйып олтурат да анан көчөдөгү кебетеси менен бармак беле? И баса, ал кишинин машинесинде баардык кийимдери даяр турат. Министрдин ишин биз билбейбиз алар керек болсо тамак ичпей калат. Сөз тийгизгенге эле кыйынбыз да чиркин. Ак үйгө түшсө кимдир бирөөнүн атасы же апасы карындашы эжеси каза тапмак. Кандай бир каргашадан коркпогон немесиңер
+2
Kanzada97
2017-01-16 15:05:43
bayana1987,азыр деле карапайым калктын
кимдир бироонун эжеси, апасы,карындашы, атасы агасы, каза тапты. бул жерде каза тапкандардын эжеси агасы атасы жоктой айтыпсыз. Ак уйдогулорду айтыпсыз каза тапмак деп. Ак уйдогулор башкача адам бекен эмне.
-4
Kanzada97
2017-01-16 15:09:18
bayana1987,оюмду толук жеткире албай калдым дагы сизге
0
bayana1987
2017-01-16 17:12:41
Kanzada97, сен түшүнсөң. Бул жерде ак үйдөгүлөрдүн кандай тийешеси бар кырсык болгонго. Анын үстүнө ким айтты кимдир бирөөнүн карындашы эжеси же агасы жок деп. Эмне мынча аларга өлүм тилеп атасың. Дүйнө титиреп атат силер болсо олтурасыңар ушакташып, министрге сөз айтып ак үйдү кеп кылып. Ушул жерден саясат жасабай эле койбойсуңарбы? Албетте, жеринен барып көрүп келдим, өтө жаман сөз менен жеткирип бере албаймын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан