Орусиянын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаевди кайтаруу маселесин кароого даяр

13-январда Орусияда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеванын Орусия Федерациясынын Башкы прокурору Юрий Чайка менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда И.Жолдубаева соттун өкүмүн аткаруу үчүн кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевди экстрадициялоо боюнча талап коёрун билдирди. "Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө жетишишти. Орус тарап Азиз Батукаев орусиялык соттун өкүмү боюнча жазасын өтөгөн соң аны кайтаруу маселесин кайра кароого даярдыгын белгиледи. Орусиянын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Азиз Батукаев Чеченстан Республикасындагы түзөтүү колониясында 2017-жылдын 2-сентябрына чейин отурмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kuba.kq8705
2017-01-16 14:13:15
ары бери кыла бербестен сизодон ары ХХХ болду деп
-1
admin_portal
2017-01-16 14:16:24
kuba.kq8705, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
-1
kamchatka
2017-01-16 15:06:01
Жоок кайтарбай эле койгула деп койгула эми алып келип алып же аны соттой албай!
-1
Seiil.94
2017-01-16 15:40:15
бир чеченди жаман баш ооруу кылдынарго Кыргызстанга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан