Депутат авиакырсык боюнча: "Балдар уктап жаткан жеринен ойгонбой калышты"

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 16-январдагы отуруму Бишкектеги авиакырсыктан каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Комитетин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча, учак кырсыгынан 35 адам курман болду. "Алардын арасында 12 өспүрүм бар. 18 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Саат сайын бул сандар өсүп жатат. Бул чоң трагедия. Балдар уктап жаткан жеринен ойгонбой калышты. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө сабырдуулук тилейм жана терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Молдобекова.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районундагы айылга кулаган. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Азырынча кулаган учактын 65 турак үйдү сүрүп кеткени айтылууда. Бул авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muke88
2017-01-16 19:02:37
65 уй эмес 15-17 уй тегереги деди го. Бул санды 65 деп оюнардан чыгарып жаза бересинерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан