"Манас" Эл аралык аэропорту кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
"Аэропорт бүгүн саат 13:30дан тарта штаттык режимде иштей баштады. Учурда учактарды кабыл алып жана учуруп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, "Манас" аэропорту Боинг 747 учагынын кыйрашына байланыштуу убактылуу жабылган.