ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: 54 жыл мурун Никита Хрущёв СССРде дүйнөдөгү эң кубаттуу суутек бомбасы жасалганын жар салган

Мындан 54 жыл мурун, 1963-жылы 16-январда Никита Хрущёв СССРде коркунучтуу кыйратуучу күчкө ээ курал - суутек бомбасы жасалганын дүйнөгө жар салган. Куралдын кубаттуулугу 100 мегатоннага жеткен. Бул учурда дүйнө жүзүндө татаал саясий кырдаал өкүм сүрүп жаткан. Хрущёвдун билдирүүсү Батыш менен Советтер Союзунун ортосундагы кансыз согушту күчөтүп жаткан АКШнын провокацияларына жооп болгон.

Орустар "падыша-бомба" деп атаган АН602 суутек бомбасы 1954-1961-жылдар аралыгында академик Игорь Курчатов баштаган белгилүү орус окумуштууларынын тобу (Андрей Сахаров, Виктор Адамский, Юрий Бабаев, Юрий Смирнов, Юрий Трутнев) тарабынан жасалган. Куралды сыноо 1961-жыл 30-октябрда "Сухой нос" полигонунда өткөн.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу суутек бомбасын жасоо менен Советтер Союзу ага каршы турган Батыш өлкөлөрүнөн кем эмес аскердик күчкө ээ экенин далилдеген.

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан