СУПЕРСТАН: "Эгер мен өткөн жашоомо кайтсам, баарын башкача баштамакмын"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өткөн өмүргө кайрылсак" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эгер мен өткөн жашоомо кайтсам, жашоомдун баарын башкача баштамакмын. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн эмес, өткөндү ойлогум да, эстегим да келбейт".

"Менин өткөнгө кайрылгым келбейт, өткөн жашоом жаман болгону үчүн эмес, көңүлдөгүдөй өткөнү үчүн".

"Өткөн өмүрүмдө көп каталыктарды кетирип, аны оңдоого мүмкүнчүлүк берилген учурда деле, өткөндөгү катачылыктарды оңдобойт болчумун. Себеби мен ошол катачылыктарды кетиргеним үчүн жыйынтык чыгарып, туура жолдун эмне экенин билип, ак-караны ажыратууну үйрөндүм".

"Өткөн жашоодо кетирген катачылыктарың келечекте сени кайра каталык кетирбөөгө тарбиялайт экен".

"Өткөн күндөрүмдү ойлобоого аракет кылам, бирок ага карабай эле кетирген каталарым көз алдыма келе берет".

"Ошол кезде ойлонуп, жети өлчөп, бир кескенде азыр мындай болбойт беле деп ойлоп калам".
"25 жашка чейин сүйүү деген шумдукту жолотпойт элем. Ошондо 26-27 жашымда деле турмушка чыкмакмын. Бул убакка чейин бизнес, карьера тургузмакмын. Балким, чет өлкөдө да тажрыйба топтомокмун".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан