Бүгүнкү каргашалуу окуядан Бишкек шаарындагы өлүкканага түшкөн сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тургундардан жардам сурап кайрылды. Алардын өздүгүн аныктоо оор болууда, себеби кырсык болгон Авиатор деп аталган айылда жашоочулардын так тизмеси болгон эмес. Каза болгондордун тизмесин түзүү Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросуна тапшырылды. Учурда өлүкканада 31 сөөк жана 9 дене мүчө бар.
"Өлүккананын жанына каза болгондордун туугандарына жардам берчү психологдорду дайындадык. Ошондой эле жабыр тарткан 200 адамга ысык тамак уюштурдук", - дейт Кызыл Жарым Ай коомунун президенти Азамат Баялинов.