Бүгүн, 16-январь күнү саат 07:20 чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747-400 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыктын кесепетинен жалпы 28 жергиликтүү тургун жана экипаждын 4 мүчөсү каза тапканын билдирди.
Абылгазиевдин айтымында, адамдын дене мүчөлөрү да табылган, азырынча ал дене мүчөлөр канча адамга тиешелүү экендиги белгисиз. Экспертизанын жыйынтыгынан соң белгилүү болот.
"Кыйраган учак 4 айдан бери Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамын ишке ашырып келген. Экипаж мүчөлөрү да буга чейин "Манас" аэропортуна конуп жүрүшкөн. Учактын ичинде 85 тонна калкка керектүү товарлар болгон. Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 300 адам, Ички иштер министрлигинен 500дөй адам тартылды", - дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.