Учак кырсыгынан жабыркагандарга активисттер жардам чогултушууда

Бүгүн, 16-январда авиакырсыктан жабыркагандарды активисттер жылуу кийим, тамак-аш менен камсыз кылуу аракетин көрүшүүдө. Борбор калаадагы балдар хосписинде активисттер жарандардан алып келген жылуу кийим, тамак-аш, азык-түлүктөрдү таңгактап, иреттеп жатышат.

"Авиакырсыктан жабыркагандарга жана алардын жакындарына ар тараптан жардам көргөзүүнү уюштурганбыз. Учурда жер-жерлерден ар кандай материалдык жардамдар келип жатат. Ондон ашуун активисттер буюмдарды иреттеп, жабыркагандарга жеткирүү аракетинде. Бүгүн түнү менен иштеп, келген буюмдарды жана азыктарды жардамга муктаждарга жеткиребиз", - деп билдирди уюштуруучу Динара Аляева.

Бул кайрымдуулукка көпчүлүк элден жаш балдарга жана аялдарга жылуу кийим жана төшөнчүлөр келген. Учурда шаар ичинде балдар хосписинин айдоочулары ыктыярдуу жардам колун сунгандардан ар түрдүү азык жана тамак-аш жардамдарын чогултушууда. Миңден ашуун адам түрдүү жардамдарды көргөзүшкөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Istina1000
2017-01-17 02:20:27
Баарынын жаннатын бере Аллахым, оомин
0
wwwbaxa
2017-01-17 04:15:16
Жардам колун сузгандарга аллах ыраазы болсун.Кайтыш болгондордун жайы жаннатта болсун оомийн!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан