Авиакырсыктан каза болгондордун сөөктөрүн кичи мекенине жеткирүү иштери уюштурулууда

Авиакырсыктан каза болгондордун сөөктөрүн кичи мекенине жеткирүү иштери уюштурулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Каза болгондордун сөөктөрүн кичи мекенине жеткирүү үчүн атайын техника бөлүндү. Каза болгондордун туугандарына ысык тамак уюштурулуп, "Семетей" мейманканасына жайгаштырылып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда Курулуш башкармалыгынын дачалары айылына Боинг 747 учагы кулап, 36 адам каза болду. Алардын ичинен 29 жергиликтүү тургундун өздүгү аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан