Боинг 747 учагы кулаган жердин көпчүлүк жери изилденип бүттү. Учактын чоң сыныктары жаткан жерлер гана изилдене элек. Эл аралык талаптар боюнча, сыныктарды алууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирген.
Ошондой эле ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалаган.
Эскерте кетсек, бул кырсыкка байланыштуу Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгогон.