Кыргыз транспорттук прокуратурасы Курулуш башкармалыгынын дачаларынын аймагында Боинг учагынын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 16-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча (бир топ адамдын өлүмүнө алып келген аба транспортун башкаруудагы коопсуздук эрежесин бузуу) козголду.
Материалдар иликтөө жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгени айтылат маалыматта. ИИМ жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринен ыкчам иликтөө тобу түзүлдү, топ кырсыктын себептерин изилдеп чыгат.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачаларынын аймагындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.