Бүгүн, 17-январда Жарандык авиация агенттиги SUPER.KG порталына авиакырсык болгон жердеги үйлөр туура эмес аймакка салынганын билдирди.
"Эл аралык аэропорт жайгашкан жерден 3000 метр алыстыкта турак жайлар салынбашы керек. Ал эми ички аэропорт болсо, бул чектөө 2000 метрге барабар. Ошондой эле фитосанитардык коргоо аймагы да 3000 метрге барабар, бул аймакта да конуштар болбош керек", - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматынын адиси.
Мындан сырткары агенттик Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы аэропорттордун жанында да көрсөтүлгөн аралыкка чейин эле турак жайлар салынганын кошумчалады.