Кыргыз Республикасында 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан, Ош шаарынын борбордук аянтында, шаардык мэриянын имаратында жана шаарда илинген бардык мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Мэриянын билдиришинче, Ош шаарындагы маданият мекемелерине, эс алуу жайларына жана телерадиокомпанияларына бүгүн оюн-зоок иш-чараларын өткөрбөө талабы эскертилди.