Бүгүн, 17-январда саат 10:15те Боинг 747 жүк ташуучу учагынын кулаган жеринде 4-экипаж мүчөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын сөөгү соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлөт. Аталган борбордо учурда дагы 6 каза болгон адамдын өздүгү тактала электиги маалымдалды. Эскерте кетсек, борбордо 42 объекттен 32 сөөк иликтенген, 10 объект аныкталбаган бойдон калган.