Кечээ, 16-январда болгон авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында бүгүн, 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президенттин жарлыгына ылайык, өлкөнүн бүт аймагында, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу түшүрүлөт.
Маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында бүгүн оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат.