Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагынын электр камсыздоосун калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүүдө

Курулуш башкармалыгы дачаларынын аймагынын электр камсыздоосун калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы 17-январда билдирди.

"Учурда электр камсыздоону толук калыбына келтирүүгө керектеле турган материалдардын санын такташ үчүн тилке толук каралып жатат. Кечээ электр куроочулар жасаган иштердин натыйжасында кыштактагы төрт көчөнүн электр камсыздоосу калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары 100 метр узундуктагы кабель аркылуу кыштактын аймагындагы мобилдүү чатырлар электр жарыгы менен камсыздалганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erka_kg
2017-01-17 21:44:20
Тим эле тили келбей чулдураган чет элдиктерге окшобой ДАЧА СУУ деп эле жазгылада кыргызча эле. ДАЧИ СУ деп албай
0
snejinka
2017-01-18 09:34:34
Erka_kg, Дача-Суу деген айыл эмес бул жер, орусча Дачи строительного управления дегенден анан Дачи-Су деп аталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан