Учак кырсыгынан улам ата-энесиз калган балдарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кам көрөт. Бүгүн, 17-январда өкмөттө кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү маселеси талкууланган кеңешме өтүп, үй-бүлө мүчөлөрүнөн айрылган балдарга зарыл жардамды берүү боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тапшырма берди. Жыйында үй-жайсыз калгандардын тизмесин тез арада түзүү керектиги да айтылды. Өкмөт башчынын билдиришинче, кырсыктан каза тапкандардын жакындарына жана жабыркагандарга 70 миң сомдон жардам берилет.
Чүй облусунун башчысы Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, учурда 11 үй-бүлөнүн мүчөлөрү жакындарынын үйүндө баш калкалоодо.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.