Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев учак кырсыгында көрсөткөн колдоосу үчүн элге ыраазычылык билдирди.
"Өлкө үчүн оор болгон бул күндөрү жабыркагандарга баш калка, нан жана дарыга акча гана эмес, өз каалоолору менен акысыз кан берип жаткан жөнөкөй жарандарга ыраазы болдум. Чет элдеги кесиптеш дарыгерлерге да рахмат, өздөрүнүн клиникаларын сунуштап кол сунушту. Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Метин Кылыч жана Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Режеп Акдаг өздөрү телефон чалышты", - дейт министр.
Белгилей кетсек, көптөгөн жарандар жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү сунуштап, керектүү жардамдар чогултулууда. Борбор калаадагы балдар хосписинде активисттер жарандардан алып келген жылуу кийим, тамак-аш, азык-түлүктөр иреттелип, муктаждарга берилүүдө.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.