Учак кырсыгынан каза болгондордун арасында №1-СИЗОнун кароо жана өткөрүү бөлүмүнүн башчысынын баласы, келини жана эки небереси да бар

Бүгүн, 17-январда өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында офицердик жыйын болуп, анда учак кырсыгынан каза тапкандар эскерилди. Каза болгондордун арасында №1-СИЗОнун кароо жана өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Рахат Сыдыковдун баласы, келини жана эки небереси бар. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жалпы жамааты көңүл айтып, материалдык жардам көрсөтүү чечимине келген. Чогултулган акча каражаты Рахат Сыдыковго берилет.

1. Дербишалиев Азамат Абакирович, 1983-жылы туулган (баласы)

2. Жумакунова Наргиза Болотбековна, 1984-жылы туулган (келини)

3. Абакиров Актан Азаматович, 2011-жылы туулган (небереси)

4. Абакирова Раяна Азаматовна, 4 айлык (небереси)

18-январь күнү саат 10:00дө Чүй облусунун Манас айылында жерге берүү иш-чарасы болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kakaly
2017-01-17 14:17:40
Эхххххххх, сабр туугандар! Аллахым бейишинен орун берсин.....
+1
alisherchik
2017-01-17 14:24:58
Бул дуйнодогу жалгыз чындык - олум!
Жаткан жерлери нурлуу болсун, кырсык куноолорун жаап кетсин. Бейиштин торунон орун берсин Кудайым
+4
aseras
2017-01-17 14:25:14
Бир уй-булоо бутундой тугодубу?((Аллахым жайларын жаннаттындан берчи,Калган кыргыз элимди озун жамандыктардан сактачы.(((
+4
baltabai
2017-01-17 14:45:08
Jatkan jeri jailuu bolsun
+1
kanat.ozgorush
2017-01-17 15:31:03
Аллахым сабыр берсин жаны жанната болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан