ЭЛДИК ВИДЕО: "Какшасам гана муңдуу ыр чыгат, кардыгып гана добуш, ый чыгат"

"Медиа-порталдагы" "Элдик видео" рубрикасына "Авиакырсыктын курмандыктарын жоктоо" аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги калктуу аймакка кулаган учак 40ка жакын мекендешибиздин өмүрүн кыйды. Бүгүн, 17-январда өлкө боюнча аза күтүү күнү жарыяланып, кыргыз эли кайгырып турат. Видеодо каза болгондорду жоктоп, "Айтыш" коомдук фондунун атынан Асылбек Маратов "​Жоктоо ырын" аткарган:

"Какшасам гана муңдуу ыр чыгат,

Кардыгып гана добуш, ый чыгат.

Артыңда калган жакындар,

Агылган жашка тумчугат...

Калдайган кыргыз элибиз,

Калышты боздоп, буркурап.

Асман ыйлап, жер ыйлап,

Ак калпак кыргыз эл ыйлап,

Мектепке кеткен бала ыйлап,

Азапка батып бул күнү,

Агайын элдин баары ыйлап...

"Алам" деп келсең, шум ажал,

Айла жок экен калганга.

Жабыркап турабыз баарыбыз

Жан дүйнө толуп арманга..."

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан