16-январда орун алган авиакырсыктан улам Кыргыз Республикасында 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыяланып, өкмөт тарабынан бул күнү бардык ишканаларга мамлекеттик желектерди түшүрүү боюнча эскертүү берилген. Окурман бүгүн, 17-январда "Роснефть" май куюучу жайы аталган эскертүүнү четке какканын билдирген.
Ишканага байланышканыбызда, Бишкек шаарында 19, шаар сыртында 5 май куюучу жай бар экенин билдиришти. "Өкмөттүн эскертүүсүн четке каккан жокпуз. Техникалык себептерден улам биздин желектер ылдый түшүрүлбөйт. Ошондуктан аларды убактылуу алып турууну чечтик", - дешет ишкананын өкүлдөрү.