Учак кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө президент 100 миң, өкмөт 70 миң сомдон бөлмөй болду

Кечээ, 16-январда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттер үчүн өткөргөн жыйында авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сом өлчөмдө материалдык жардам көрсөтөрүн айткан. Бул жардамды өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бөлүп жатканын президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-январда билдирди.
Ал эми бүгүн өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомдон бөлүү чечимин чыгарганын өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
"Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 70 миң сомдон бөлүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sydykov.y
2017-01-17 15:07:03
окмот деле 100 000 сомдон болуп берсе болот эле чондор оздорунун чонтокторунон бергенсип 70 000 сом болуптур элдин акчасын элден эмнеге аяп жатасынар бергиле силерда 100 000 ден
0
A3A
2017-01-17 19:02:43
Кoп эле бергиле медальдын акчасынан дагы
+1
Seryi-Kardinal
2017-01-17 15:13:56
1 uidon 1den awyk otkondorgo ar birine 170 000 den bere beken
0
KGstan1981
2017-01-17 15:32:36
Мен элди болгум келбейт бирок 7 апрелде курман болгондорго бир млн сомдон акча болунгон андан сырткары квартиралар берилген.Ал эми кече кунку авиа катастрофадан курман б-ндорго болгону 170 мин сом бул ото аз эмеспи.Канча уй-було кыштын кунундо уйсуз калышты,канчасы ата-энелерини бир туугандары жоготушту.Эмне учун Атамбаев кырсык болгон жерге барып эл менен жолугушпайт.Жана эмне у-н бул айыл аэропртко ото жакын жайланышкан.
+3
Bubu88
2017-01-17 15:49:03
Сабыр кылып ызылдабай тургула баары болот акча да бөлүнөт уйлуу да болушат кантип эле ошончо адамды талаага таштап койсун үй жайсыз
+3
nargis
2017-01-17 17:22:30
Акча табылат ,оор жоготууга учурагандар ушул акчадан коро оз оокаттары ,оз жакындары менен алда канча бактылуу эмес беле .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан