Кечээ, 16-январда болгон авиакырсыктан жаракат алып, Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга алынып келинген 2 адамдын бири ошол эле күнү туугандарынын үйүнө чыгып кетсе, экинчисинин абалы учурда туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына аталган жайдын медицина кызматкерлери билдиришти.
"Бир жигит кечээ алынып келинген соң бир нече саат дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Андан кийин ошол эле күнү туугандарынын үйүнө чыгып кетти. Ал эми отоларингология бөлүмүндө жаткан 34 жаштагы Бакытбек Олжобаевдин абалы туруктуу. Азырынча ага тынчтык керек, андыктан эч кимди үстүнө киргизе албайбыз", - деп билдиришти кызматкерлер.
Белгилей кетсек, авиакырсыктан каза болгондордун саны 38ге жеткен. Ал эми кечээ Саламаттыкты сактоо министрлиги авиакырсыктан жаракат алып, ооруканага жаткырылгандардын тизмесин жарыялаган.