Бүгүн, 17-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты жыйнала баштады. Буга чейин 15-январда балаты алынары маалымдалган эле. Бирок жарандардан балатыны жыйнабай туруу боюнча көптөгөн суранычтар түшкөндүктөн, бир күнгө жылдырылган.
Белгилей кетсек, Бишкектеги балатынын бийиктиги 29 метрди түзсө, диаметри 12,5 метрге жетет. Анын жасалгасына 13 миллион сом бөлүнгөн.