Таттыгүл Дооталиева "ал билдирүүнү мен жазган эмесмин" деп жатат, эгер аныкталса, катуу жаза колдонулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Таттыгүл Дооталиева Медициналык академияда окутуучу болуп иштейт.
"Ал Фейсбуктагы билдирүүсүн "мен жазган жокмун, аккаунтумду башка бирөөлөр бузуп киришиптир" деп жатат. Учурда УКМК кызматкерлери ал нерсени териштирип жатышат. Эгер ал билдирүүнү өзү жазганы аныкталса, окуу жай тарабынан катуу жаза колдонулат", - деп билдирди Медициналык академиянын басма сөз кызматы.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов ("Бир бол") интернеттеги социалдык тармактарда айрым колдонуучулар авиакырсыкты табалап жатышканына нааразычылыгын билдирип, укук коргоо органдары интернетте элди бөлүп-жаргандарды аныктап, жыйынтыгы боюнча парламентте маалымат бериши керек экенин айткан. Ал эми УКМК Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү текшерилип жатканын билдирген.
Дооталиева Фейсбуктагы баракчасына учак кырсыгынан мерт болгондор өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган.