2016-жылы 17-январда Эл аралык космостук станцияда биринчи жолу декоративдүү астра-цинния гүлү ачылган. Мындай маалыматты NASA астронавты Скотт Келли Твиттердеги өздүк баракчасына "Космосто биринчи ирет өсүмдүк гүл ачты!" деп жазып, гүлдөгөн астра-цинниянын 2 сүрөтүн жайгаштырган.
Астронавттар эки жылга чукул убакыттын ичинде космосто өсүмдүк менен жашылча өсөрүнө эксперимент жүрүгүзүшкөн. Биринчи алып барган капусталар кадимкидей өскөндөн кийин, аларды тоңдуруп изилдөө үчүн кайра жерге жөнөтүшкөн. Окумуштуулар "космикалык" капуста жегенге жарактуу экенин аныктап чыгышкан. Ал эми 2015-жылдын август айында космонавттар экинчи түшүмдү өздөрү ооз тийишкен.
17-январга карата жылнаама.