"Элдик видео" бөлүмүнө "Кит куткарган киши" деген аталышта видео жүктөлдү (ник: Arifa).
Видеодон бир топ адамдардын балыкчылардын торуна түшүп калган китти куткарып жатышканын көрүүгө болот. Алар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, бир сааттай тор менен алышып, акыры китти куткарып калышат. "Ал эми суу жандыгы адамдардын жакшылыгын сезип, сууга улам чумкуп, кайра чыгып ыраазычылыгын билдирип жаткандай болду", - дешет куткаруучулар.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.