2014-жылы Куала-Лумпур-Пекин каттамы менен учуп баратып жоголгон учакты издөө иштери токтоду

Австралия, Малайзия жана Кытай 2014-жылы Куала-Лумпур-Пекин каттамы боюнча учуп, ошол бойдон жоголгон "Malaysia Airlines" авиакомпаниясынын учагын издөө иштерин токтотушканын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учак кыйраган делген 120 миң чакырым аймак текшерилген соң издөө иштерин токтотуу чечими чыгарылган. Анын кулаган жери бүгүнкү күнгө чейин аныкталбай келет.

"Учак кыйраган жер баштагыдай эле илимий ыкмалар менен такталып жатат, бирок учурда учактын так ордун аныктоочу жаңы маалыматтар табылган жок. Биз жаңы маалыматтар болуп, келечекте учак табылып калат деген үмүттөбүз", - деп жазылган үч өлкөнүн билдирүүсүндө.

20-декабрда эксперттер издөө аймагын дагы 25 миң чакрымга кеңейтүүнү сунушташкан. Алардын ою боюнча, учак изилденген аймактын түндүк тарабында. "Malaysia Airlines" авиакомпаниясынын Boeing 777 учагы радарлардан 2014-жылы 7-марттан 8-мартка караган түнү жоголгон. Анын ичинде 227 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү болгон. Учак Индия океанынын түштүк бөлүгүндө кыйраган деп болжолдонот. Океандын ар кайсы бөлүгүнөн 20 сынык табылса, алардын жетөө гана дал ушул учактыкы болушу ыктымал. Кырсыктын себептери дагы деле тактала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
A3A
2017-01-17 21:12:26
Черный ящик аркылуy таба тyрган кылып коюшса
-1
A3A
2017-01-17 21:13:08
Черный ящик аркылуy таба тyрган кылып коюшса
-1
adilbars
2017-01-17 21:55:28
Ошо черный ящиктин озун табыш керек да, самолет табылса ал да табылат да
+4
ainura220888
2017-01-18 13:06:52
Бир передача коргон элем ушул самалет тууралы. Ар кандай версиялар бар биринде самалете террористер болгон башка направление менен учуп кетишкен десе экинчиси кара тешике кирип кеткен башка мирге деп айтылат чынында ото кызык 239адам кантип эле жок болуп кетет.
+2
Nur1k
2017-01-18 18:07:08
ainura220888, мен да ошентип уккам. Чёрная дырага кирип кеткен, инопланетяндар алып кеткен деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан