"Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын жамааты учак кырсыгынан жабыр тарткандарга 1 күндүк эмгек акысын которду. Каражат өкмөттүн тапшырмасы менен ачылган бирдиктүү эсепке которулду.
Эскерте кетсек, Боинг 747-400F жүк ташуучу учагы кулап түшкөн үйлөрдүн жашоочуларына жана кырсыктан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жардам берүү иретинде өлкөдө бирдиктүү каражат которуу эсеби ачылган.
Жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсепке акча которо алышат:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150
Эскерте кетчү жагдай, жогорудагы эсепке өлкөнүн бардык аймагынан жана дүйнөнүн бардык бурчунан каалаган банктан акча которо берсе болот. Эң негизгиси, эсептик номер туура көрсөтүлүүсү шарт.