Боинг кырсыгы: Кырсыкты иликтөөчү комиссияга эл аралык 6 адис кирди

Учак кырсыгын иликтөөчү комиссияны Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МАК) өкүлү Леонид Каширский жетектеди. Транспорт жана жол министрлигинин билдиришинче, МАКтан комиссиянын курамына Валентин Синицын, Владимир Киселев, Роман Секлетов, Нина Кожевникова жана Татьяна Александрова кирди. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Жарандык авиация агенттигинин адистери бар.

Байкоочу катары кырсыкты иликтөө ишине АКШнын, Түркиянын көз карандысыз органдары да катышары айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 38ге жетти. 13 адам ооруканада жатат. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Va.vasm
2017-01-18 09:36:58
Дооталиева жонундо жазгылачы. Жазасы кандай болот экен?
+4
Samina007
2017-01-18 09:54:28
Эми жакшы иликтешсин,дагы тумандын кесепети деп чыгышпасын.Бортовой самописецте эмне жазылганын эмне болгонун Кыргыз элине бүт угузсун.дагы өзүңөрчө кудуңдашып кетип калбай
+1
MAN-CITY
2017-01-18 10:02:07
Летчиктердин ошибкасы, анык еле. Авиакомпания анысын мойунуна албаганга аракет кылышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан