2005-жылы депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча айыпталып соттолгон Сабыркул Батыровдун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин билдиришинче, Батыров 2011-жылы жаза өтөө мекемесинен асынган абалда табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун киши колдуу болгону аныкталып, 2016-жылдын февраль айында кылмышты абакта отурган Майрамбек Аалиев жана Азамат Самсалиев деген жарандар жасаганын ИИМ менен ЖАМКнын кызматкерлери аныкташкан. Кылмышка шектүү үчүнчү жаран Тимур Бейшенбаев 2017-жылдын 12-январында гана кармалып, камакка алынганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Баяман Эркинбаевди 2005-жылдын 21-сентябрында саат 22:00дө Фрунзе-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.