Депутат "өлкөдө жаныбарларды коргогон мекеме түзүлсө, дүйнөдөн акча алмакпыз" дейт

Кыргыз Республикасында Жаныбарларды сактоо департаменти түзүлүшү мүмкүн. Мындай сунушун бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.

"Өлкөдө аңчылык боюнча ызы-чуу Советтер Союзу мезгилинен бери келе жатат. Аңчылык департаментин жоюп, Жаныбарларды сактоо департаментин түзүш керек. Дүйнөдөн акча алмакпыз. Учурда егерлер аңчыларга иштешет. Аңчыларды жеткирип, аттырып келишет, алардан акча алышат. Егерди жумуштан кетире турган болсок, Ак үйдүн алдына чыгышат. Егердин айлыгы 5 миң сом, бирок ошол жерде анын үстүндө турган кишилер бар", - деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-01-18 15:38:12
Оюңарды акча алууга эмес, өлкөгө өндүрүштүк завод, фабрика курууга бурсаңар. Элибиз тентибей өзүбүздө иштешет эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан