"Манас" аэропортунан 4 ителги менен кармалган Араб жарандарынын иши сотто

2016-жылдын октябрь айында "Манас" аэропортунан 4 ителгини мыйзамсыз алып бараткан Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары кармалган эле. Бул факт боюнча учурда териштирүү жүрүп жатканын, сот чечими чыга электигин Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында өкмөттүн өкүлү билдирди. Ар бир ителги үчүн 100 миң сомдон айып салынышы мүмкүн экени айтылды. Ал эми кылмышка шектүү жарандар Кыргыз жеринде камакта экенин же өлкөдөн чыгып кетишкенин айта алган жок.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүүлөр Бишкек-Дубай каттамы менен уча турган учакка отурганда шымдарынын чөнтөктөрүнөн шашып бир нерселерди сумкаларына салыштырып жатканы шек жаратып, кайрадан текшерүүгө алынышкан. Экинчи ирет текшерүүгө алынганда алардын чөнтөгүнөн баштарына томого кийгизилип, буту таңылган 4 ителги табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seiil.94
2017-01-18 11:01:23
араптар акыркы мезгилде жаман кооп жатышат
0
Bless
2017-01-18 11:51:45
Жуз миң сом емес 100 миң доллар айып салыш керек еле
+1
ozgeldi
2017-01-18 12:47:04
Эшек биздесин качан жок кылышат.Жошолуда дагы багып жатат 50го жакын..Баткендеги эшектерди жошолуга биздеги эшектерди башка жака ташып жатат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан