Авиакырсыктан жабыр тарткан жарандардын экөө учурда Кочкор районунун аймактык ооруканасында, ал эми 11и Бишкек шаарынын ооруканаларында. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бейтаптардын абалы жаракаттын оордугуна жараша бойдон калууда. Алардын баары керектүү дары-дармектер менен камсыз болушкан. Дарылоо жана көзөмөл уланып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Улуттук госпиталда 1, Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунда 1, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында 8, Шаардык гинекология ооруканасында 1, Кочкор районунун аймактык ооруканасында 2 бейтап дарыланып жатат.