Боинг кырсыгы: Авиакырсыктан каза болгондордун сүрөттөрү

2017-жылдын 16-январынын таңы кыргыз элинин эсинде, тарыхта эң каргашалуу күн катары калды. Бул күнү түркиялык учак кырсыктап, "Манас" аэропортуна жакын жердеги айылдагы бир нече үйдү бузуп кеткен. Анын айынан 4 экипаж мүчөсү, 34 тургун каза болду. Каза болгондордун көбү эне сүтү оозунан кете элек наристе, өспүрүм куракта болгондору калың элдин каңырыгын түтөттү. Бул күнү куткаруучулар, медицина кызматкерлери, ыктыярчылар күнү-түнү иш алып барып жатышты. Кырсыктаган тургундарга өлкөнүн алыскы аймактарынан баштап коңшу Казакстандагы Алматы шаарынын тургундарына чейин жардам колун сунушууда. Ошондой эле мамлекеттик бир нече ишканалар, анын ичинде "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты бир күндүк айлык акыларын кырсыктан жабыр тарткандар үчүн атайын эсепке которушту.

Бирок кырсык тууралуу элди бөлүп-жарган, терс маанайда билдирүү жазган интернет колдонуучулар да пайда болуп, алар социалдык тармактарда катуу талкууга, сынга алынышты. Алардын бири Медициналык академияда окутуучу болуп эмгектенген Таттыгүл Дооталиева мыйзамга ылайык жумуштан алынган.

Жогорудагы сүрөттөгү жаш өмүрлөрдүн жалп этип өчкөнүн көрүп, аргасыз көзгө жаш келет. Араларында 4 айлык наристе, бир үй-бүлө мүчөлөрү, бир туугандар бар. Каза тапкан бардык 34 адамдын аты-жөнү бул жерде.

Авиакырсыктан каза болгондорду эскеребиз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Favourit
2017-01-18 13:18:54
Эх жожолор десе. Тиги Карыпбаев деген торт биртуугандар тушкон суроттогу эн кичине кыздын бакырайып, ото таттуу карап турганын карачы оонанып кетейин периштем.
+6
Eliza9393
2017-01-18 13:23:29
Жаткан жерлери Жаннаттан болсун Оомийин!
+4
Abubakir05
2017-01-18 13:31:58
Жаш омурлор кыйылды он гулунун бир гулу да ачыла элек эми гана жашоонун даамын сезе баштаган жаштар.кичинекей наристелер оюндан башканы билбеген эне суту оозунан кете элек.аттин дуйно.....
+1
Samina007
2017-01-18 13:41:12
Ооой журогум ааай аягына чейин коро албай койдум.эмне куноо ушул наристе бөбөктөрдө.менин уй булоом баарыбыз конул айтабыз сиздерге Санкт Петербургдан
+4
Mirlan5
2017-01-18 14:46:50
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун. Жайын жаннаттан берсин АЛЛАХ субахан таала. Атаганат каңырык түтөйт. Жакындарына сабр.
+3
abde-7082
2017-01-18 15:07:04
Атаганат !! Жакындарына сабр.
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун.
+2
karasuu
2017-01-18 15:24:37
Куран окугандан башка айлабыз барбы :((
+2
Apyyke
2017-01-18 23:15:24
Жаш омурлор кыйылып кете бериптир. Жаткан жерижайлуу, топурагы торкоо болсун!
0
tabyshmak
2017-01-19 11:51:02
Журогумо аябай жакын алып, айрыкча наристелердин кырсыкка учураганын элестетсем... Кырсыкка учурагандардын кайгысын тен болушуп, кайрат айтам! Ал эми О.Текебаевдин "Окмот жашырып жатат" деген созуно кыстырма: Эгерде Окмот бул тууралу чындыкты жашырып жатса, ошол Боинг учагы таандык болгон компанияга белгилуу да буйрутмачы ким жана кандай жук жуктогондугу. Окунучтуусу - журок зыркырап турганда чындыкты жашырып, чыныгы жузду туркун туско боёо бизде адатка айланып калганы белгилуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан