Социалдык тармакта авиакырсыкта каза болгондор тууралуу билдирүү жазган Таттыгүл Дооталиева кечээ, 17-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алынып келинип, анын билдирүүсү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди.
"1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбук социалдык тармагына жазган билдирүүсүнөн аймактар жана улуттар аралык мамилелерди козута турган элементтер табылды. Учурда ага расмий эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар белгиленип, текшерүү иштери уланары кошумчаланган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 18-январда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп эмгектенген Таттыгүл Дооталиева бул билдирүүсү үчүн аталган окуу жайдан, Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, ректордун буйругу менен жумуштан бошотулду.