Авиакырсыктан жабыркабаган коңшу айылдардын тургундары да берилип жаткан жардамды алышууда. Мындан улам жардамга чындыгында эле муктаж болгон жергиликтүү тургундарга жардам жетпей жатат. Жардам Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын мечитинде жергиликтүү аксакалдардын көзөмөлү менен таратылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Мастура Исаева билдирди.
"Ар кандай коомдук уюмдардан, жеке адамдардан жылуу кийим, төшөнчү, тамак-аштар келип жатат. Бирок ошол жардамдар адилеттүү берилбей, кошуна айылдын да тургундары келип алышууда. Бул ишти тыкыр көзөмөлдөгөн адам жок. Биздин үй, короо-сарайлар талкаланды. Кыздарыма кийим, төшөнчү алайын деп ала албай жатам, себеби мен 2 күрмө алгам. Мындан улам "сага жардам" берилген дешүүдө", - дейт Исаева.
Мечитте жардам берүү иштерине аралашып жүргөн Өмүрбек Атабаев жардам каза болгондордун жакындарына гана берилип жатканын айтты.
"15 адамдан турган комиссия түзгөнбүз. Айылда бир киши 4 баласы менен кыйынчылыкта жашайт. Ошого жардам берилгенден улам сөз чыгып кетти. Буга чейин штабдан "ушул айылда жашайбыз" деп жардам алып кетишиптир", - деди Атабаев.
Социалдык коргоо министринин орун басары Лунара Мамытова жабыркабаган адамдар жардам алып жатканын тастыктады.
"Мындай ызы-чуу маалды айрым адамдар пайдаланып жатышат. Учурда ким, канчалык деңгээлде жабыркаганын тактап жатабыз", - деп билдирди Мамытова.