Боинг кырсыгы: Жабыркаган 20 адам мейманканада баш калкалоодо

16-январдагы учак кырсыгынан жабыркаган 4 үй-бүлө учурда Бишкекте мейманканада баш калкалоодо. Бул тууралуу 18-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жалпы 20 адам, булардын 9у чоң кишилер болсо, 11и балдар. Алар ысык тамак, бөлмөлөр менен камсыздалганы айтылды. Турмуш-тиричиликке зарыл буюмдар, балдарга таттуулар жеткирилген.

Учак кырсыгы болгон жерде 20дан ашык үй жараксыз абалга келген. Үй-жайсыз калгандардын бир тобу туугандарынын үйүндө баш калкалап жатышат.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 38ге жетти. 13 адам ооруканада жатат. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан