Курулуш башкармалыгынын дачалары айылына кыйраган учактан анын учкучу отургучу менен коопсуздук куру тартылган боюнча Мастура Исаеванын үйүнүн короосуна түшкөн.
"Ажатканабыздын жанында бети-башы кан болгон учкуч жатыптыр. Ага жардам берүүгө аракет кылып, оозуна суу тамыздык. Тирүү болчу. "Тез жардам" келгенче каза болуп калды", - дейт Мастура Исаева.
Каргашалуу таңда Исаеванын үй-бүлөсү аман калышканына сүйүнүшөт. Анын кызы Мадина Иса кызы учурда 8-класста окуйт. Кырсыктан Мадинанын 2 классташы каза болгон.
"Мектепке чогуу кетели" деп келген классташ кызыма "мен бир аздан кийин барам" дегем. Учак кулаганда катуу жер титиреп, сыналгы үстүмө кулап түштү. Төшөктө жаткан элек, баарыбыз качып чыктык. Ошол классташым жолдо баратып учактын алдында калып каза болду. Дагы бир классташымды дубал басып калыптыр", - деди Мадина Иса кызы.