Боинг 747 учагынын экинчи "кара кутусу" табылды

Бүгүн, 18-январда Боинг 747 учагынын экинчи "кара кутусу" табылды. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Эл аралык келишимдин негизинде, учак кырсыгын иликтөөчү комиссия 3 топко бөлүнүп иш алып барат.

"Байкоочу катары кырсыкты иликтөөгө АКШдан Учактардын кулап түшүү кырсыктары боюнча агенттигинен 4 адам, Түркиядан 6 адам келди. "Боинг" учак куруучу компаниясынын да өкүлдөрү, ошондой эле кыйраган учактын ээлеринен 2 өкүл келди", - дейт министр.

Маалыматка ылайык, комиссиянын 1-тобундагы адистер учактын кулаган жеринин картасын түзүп, сүрөт жана видеого тартып жатышат. 2-топ аэропорттун диспетчерлери, 3-топ аэропорттогу тилкеге учак кондуруучу адистер менен иштеп жатышат. Иликтөөнүн маалында аэропорттун жарыктандыруулары да текшерилет.

"Бүгүн "кара кутуларды" акт менен өткөрүп беребиз. Комиссия аларды Москвага алып барып окутат экен. Эгер ал жактан мүмкүн болбосо, АКШ же Францияга алынып барат. Учак кулаганда чачырап кеткен, азыр аэропорттон атайын кампа берилген, учак ошол жерде чогултулуп изилденет. Чоң сыныктары кесилип, кампадан кайра чогултулат", - деди Калилов.

Эскерте кетсек, 16-январда табылды делген алгачкы "кара куту" учактын тетиги болуп чыккан. Кечээ, 17-январда табылган "кара куту" бүгүнкү табылганы менен бирге атайын адистерге өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
balykchy2012
2017-01-18 15:05:54
Эми туура чечим чыгарышса экен.
0
Beku89
2017-01-18 17:00:54
Кечиресинер кара куту деген эмне экен билгендер тушундуруп койгулачы. Эч тушуно албай жатам да
0
Umnitsa
2017-01-18 17:24:31
Beku89, точносун билбейм го, менин түшүнүгүм боюнча кара куту менен самолёттун эмне себептен кулаганын аныктаса болот экен.
0
maks83
2017-01-18 18:56:24
бул учакта эмне товар болгон?
0
chika.aisu
2017-01-19 01:41:30
Кара кутуга самолётто эмне деп суйлогон лётчиктер ошолор жазылат 3 кара куту болот бироосуно запис болот ошону текшеришет самолёт эмне себептен кулады кулап атканда эмне деп суйлошушкон ошолорду угушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан