Боинг 747 учагы кулаган жерден алгачкы "кара куту" табылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Авиациялык кырсык орун алган жерден алгачкы "кара куту" табылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгында өткөн чукул жыйында билинди. Учурда куткаруучу бригадалар тарабынан калган борт жаздыруучулар изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, "Кыргызаэронавигация" учак конор маалында туман тарап, көрүү нормалдуу болгондуктан ага конууга уруксат берилгенин
билдирген.
Боинг 747 учагынын "кара кутусун" изилдөөгө Орусия менен Түркиядан атайын адистер келишет.