Боинг 747 учагы кулаган жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Улуттук госпиталдын медициналык жардам бөлүмүнүн 1 бригадасы, Жарандык коргоонун атайын техникалары тартылып, аймакты Ички иштер министрлигинин кызматкерлери курчоого алышкан.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерди керектүүнүн баары менен камсыз кылууну, түшүп жаткан гуманитардык жардамдын кабыл алынышын жана таратылышын өз көзөмөлүнө аларын билдирди. Кызматкерлерге убагында ысык тамак берилип жатат.
Кырсык болгон жерде медициналык жардамды камсыздоо боюнча координатор Тилек Жантайбековдун айтымында, бүгүн саат 12:00гө чейин кайрылгандардын саны 129га жетти. Алардын ичинен күйүүчү майга уулангандар, тоңгондор, күйүк алгандар, бронхит, сасык тумоого чалдыккандар, ошондой эле 3 кош бойлуу аял бар.
"Жакындарын жоготкондор невроз диагнозу менен кайрылышты. Аларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат", - деди Жантайбеков.
Ал эми үйсүз калган 4 үй-бүлө учурда "Семетей" мейманканасында. Бардыгы 20 адам болсо, 11и кичинекей балдар. Алар ысык тамак, бөлмөлөр менен камсыздалышкан.