Боинг кырсыгы: Депутаттар үч күндүк эмгек акысын жабырлануучуларга которушат, 1 депутат "каршы" добуш берип алды

Жогорку Кеңештин депутаттары үч күндүк эмгек акысын авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабырлануучуларга которушат. Тиешелүү чечимди депутаттар бүгүн, 18-январда добуш берүү аркылуу кабыл алышты. 108 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.

Добуш берилгенден кийин депутат Бактыбек Райымкулов кесиптештеринен кечирим сурап, "каршы" деп добуш берип алганын алаксып кеткени менен түшүндүрдү. Андан соң ал анын добушун "макул" деп өзгөртүүнү суранды.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган. Өкмөт жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 70 миң сомдон жардам берилерин билдирсе, президент 100 миң сомдон, Жогорку Кеңештин төрагасы 80 миң сомдон бөлгөнү жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aseras
2017-01-18 15:41:04
Тооба
0
Adilet92
2017-01-18 18:30:34
aseras,ойлогонда копчулугу каршы болот деп анан каршыны барканда бир озу калып калдыда каршы болуп сразу ондоп кетти анан алаксып тиги бу деп кыйтыр экен, дагы депутат имиш!
+6
bema_bema
2017-01-18 22:26:05
Adilet92,))))) таппаганынар жокда
-1
azamat.k
2017-01-18 16:00:09
Билбей калат деген да,анан жалгыз озу калып беркилерге кошулуп кетти.
0
talant87
2017-01-18 16:05:59
азыр теледен корсоту эле
0
jasgul
2017-01-18 16:15:02
Адашуу болот да ар бир адамда, ага тушунуу менен эле мамиле кылыш керек
+8
a.m.akmoldoev
2017-01-18 16:24:53
Адашуу болот
+6
Defnejim
2017-01-18 16:28:48
Адашса адашыптыр да,СМИ да чымындан пил кылып эле турушат...А депутаттар бир айлык акысын которсо деле болмок.
+12
AIZAD
2017-01-18 16:35:59
Тормозду басам деп газды басып албаса болду!
+8
Seiil.94
2017-01-18 16:51:36
кантип эле адашып алсын
-6
ukmuw-ukmuw
2017-01-18 19:53:19
Seiil.94,сен вопще адашпай журосунбу
+1
Beku89
2017-01-18 16:57:39
Адашып алып смсти башка бироого кетирип алган деле кундор болот го, ошонун сынары тушунуу менен кабыл алыш керек. Озу да уялып жаман акыбалда калганына караганда
+8
azamat.k
2017-01-18 17:18:58
Эми дагы адашып 3кундук эмгек акы берем деп, 30 кундук эмгек акысын берип алып женемен жеме укпаса эле болгону.
+12
aitbek.06
2017-01-18 17:46:22
Жыйында алаксып отурбай конул буруп отуруу керек!
+3
nura.177
2017-01-18 18:29:45
Адашса адашыптырда, окмот адашпай уялбай эле 70000 сом берем деп жатпайбы, дагы кошуп кобойтуп берсин же уй берсин , туугандарга да уй салып бергенго бир мезгилде , аябай жаман иш болуп турганда жардам кылбаган окмоттун кереги жок
0
Kroxa
2017-01-18 20:32:56
38 кишиге киши башына беришсе 100минди болмок бирок андай беришпейт го...
-1
BekAmir
2017-01-19 09:12:37
Адашуу болбош керек депутаттарда. Алар мамлекеттин тагдырын чечет ошол кнопка менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан